тикен

китептерде 11 жолу, 7 китепте
  1. Айрым өсүмдүктөрдүн учтуу, денеге сайылып калма тикенеги жана ушундай тикенектүү өсүмдүк.
  2. Ушундай тикендүү өсүмдүктөрдү жалпысынан айтууда колдонулат.
  3. Тикенектүү, тикендүү өсүмдүктөрдүн аттарын билдирүүдө анын курамдык бир бөлүгү катарында колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жаткызып койуп тикенге, / Ошол жерге түнөтөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Асман тиреп кайыңы, / Темирден катуу ыргайы, / Чыккан чөбү бүт дары, / Аркар оту, мамыры, / Арбын чөптүн тамыры, / Шыралжын менен бозунач, / Кокон менен сүт тикен, / Кан аккан жерди бүтүргөн, / Чалкан куурай бирсалар, / Шишикке дары табылбай, / Өпкө оорунун дарысы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ндап, / Айтып берди баарыны: / — Түштүктөн аккан кара суу, / Бойу бүткүл камыштуу, / Чок камыштын түбүндө, / Кирүүчү жолуң мына ушу, / Калган жолдун баарысы, / Тикен менен тордолуу, - / Бура тартып Алмамбет, / Суунун келип бойуна, / Кожаалынын белгисин, / Куптап алып ойуна, / Найзасы менен чок камыш, / Аттуу туруп көтөрдү, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шиберге келсе жүгүрүп, / Тикен болуп шиберлер, / Таманын тилип тепчилип, / Сууга келет акактап, / Тили карыш салаңдап, / Суунун бетин көрсөтпөй, / Күн тумандап далдаалап, / Үңкүргө кирсе ачы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бир күнү ысык ичкен, суюк чычкан, коко тикен менен көчүгүн аарчыган мастен кемпир баланын келинчегине келип: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →