тике

китептерде 29 жолу, 8 китепте
  1. Тигинен, тик, түз, таамай.
  2. Отурбастан аягы менен тик турган, жантайып, кыйшайып же бузулуп урап карбастан, тик турган абалын сактаган абал.
  3. Түздөн-түз багытталган, тикеден-тике багыт алган абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тамандары какшады, / Тикесинен тик туруп, / Нурзат шаанын беш пери, / Үчүнчү күнү түш менен, / Көзү көрүп Бекбача, / Эсин жыйган кездери. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Деп күркүрөп чоң Сетер, / Мурункудан беш бетер, / Булгалап найза качырып, / Буркандап Сетер бакырып, / Тике карап Кененге, / Типтик тийди акырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Үрбү бир күн үч келип, / Кара жанга күч келип, / Тайын сойуп атайлап, / Чакырганга болбоду, / Козголмок тургай ордунан, / Тике карап койбоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Абдан дайынын билем” деп, / Тикейе тиктеп олтурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Катар баарын байланып, / Каар жүзүнө айланып, / Ачып оозун эстенип, / Мас болгон нардай кеңгиреп, / Эми жеңип алам, деп, / Эт жүрөгү элжиреп: / “Чокмор менен чабайын, / Чокудан жерге казыктай, / Тикесинен кагайын, / Андан кийин кыргызды, / Такыр талап алайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →