тизме

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Айрым маалыматтарды, фактыларды, нерселерди же адамдардын фамилияларын, аты-жөнүн ж.б. ирети менен кагазга тизмелеген каттоо, жазуу, ушундай мүнөздө даярдалган документ.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кеңеш билчү бийлерин, / Кептин жайын билгенин, / Келтирип баарын Чынаача: / — Кекейтип күлүк минейин, / Кечикпей эми кирейин, / Кабылан жерде кыргыздын, / Кара боорун тилейин, / Тизмегин бузбай келгенин, / Тирсегинен илейин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Силерге белги айтаарым, / Алмабаш менен атамын, / Аталамбы, жазамбы, / Мылтык үнүн байкагын, / Аламан атпай баарыңар, / Тизмеги менен атыңар, / Кимиң атып кулжа алсаң, / Башын өөдө каратып, / Мууздабастан таштаңар, / Деп ушинтип Алмамбет, / Эреним Чубак жүрү деп, / Тил алабы, албайбы, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аны угуп Ажыбай, / Айтты кебин мамындай: / — Кечээ Манас барында, / Алмамбет, Чубак жанында, / Коңурбай менен Жолойдон, / Олжологон миң нарды, / Тизмеги менен жардатып, / Ал нарынын үстүнө, / Алтын, күмүш зар артып, / Канча каптал чай артып, / Алмамбеттин Сарала, / Башына кебез байлатып, / Айчүрөккө каадалап, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жандоонун баары карагай, / Жер тизмеги мамындай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Уулдан-уулга улантып, / Урпакка улап чубалтып, / Өткөндөрдү жоктошуп, / Ыр тизмегин топтошуп, / Ырдап жаткан кези экен, / Сомбилекке токтотуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →