тиз
- Катарлаштырып, кырка-кырка кылып коюу, тизмектөө.
- Тизмеге каттоо, ирети менен тизмелеп жазуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Айдаган колу алты сан, / Айгайлап баатыр үн салган, / Алды-аркасы боло албай, / Тизилип ондон бараткан, / Алты күнү жүргөндө, / Алдынан чыкты бир атчан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аскерин сапка тизилтип, / Барабанын кактырып, / Сурнайларын тарттырып, / Дабытайды караса, / Жөө аскерге көтөртүп, / Бар сөөлөтүн көрсөтүп, / Келип турду майданга, / Кененим деп бакырып, / Кебимди ук деп чакырып: / — Мен Дабытай улукмун, / Сенин алың ошобу, / Жалгыз башың турушуң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Элебей турсаң эндекей, / Түгөткүдөй баарыңды, / Түптүз кылып шаарыңды, / Жете келет Сейити, / Кайкатып сапка тизгиле, / Аскер менен эриңди, / Тура берип таңыркап, / Сындырып алба белиңди, / Чалдырабай орунда, / Тапан хан айткан кебимди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жайытта уйдун богунан, / Томолоктоп кургатып, / Кылга тизип тагынат, / Ошентип жүрүп ар кайда, / Көрүнүп элге далайга, / Түбү жок зандим бир жерге, / Түшүп өлдү жеркуйга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Калгандарын тизип коюп, бирден чакырып баягыдай тинте баштады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →