тиги
- Жакын аралыктагыны, жердегини көрсөтүү үчүн колдонулуучу шилтеме ат атооч.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жапандан алат жасоолду, / Аралдан алат адамды, / Ар кайдан табат андайды, / Аралап кирип четиңден, / Айабай бүлүк салбайбы, / А, көрөкчө бурутту, / Койбой талап алалы, / Капка тигип жанайлы, / Коктукат алып баралы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…к чалбады, / Токтоо кылып туралбай, / Баатырың жолго салганы, / Көкөй жүргөн келер, деп, / Келбей өтүп кетпес, деп, / Тоо бөксөлөп өтөт, деп, / Жол тосоттоп үй тигип, / Тиктеп жүрчүү бекемдеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тиги турган Сетертай, / Ордонун башы болгондо, / Бийик өкүм колунда, / Экөө бирге турганда, / Дагдаарып көөп кетпеди, / Ойунда сактап бул жүрдү, / Айчүрөк айткан кептерди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бул тигинден жашыраак.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бай кыжырына чыдай албай, мени төөнүн чылгый терисине салып, анын оозун тарамыш менен тигип, бир жерге алып барып таштайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →