теңе
- Тең кылуу, барабарлоо, экинчи бирөөнүн катарына теңдештирүү.
- Тең келерлик деп кароо, теңдеше алат деп саноо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…андан, / Кутубий, Манас - булардан, / Чыгыш-түштүк Асман көл, / Батыш-түштүк Көккамыр, / Арадан эрен кабырга, / Мал алдыңар булардан, / Эч канчалык эмес деп, / Теңелбедик силерге, / Чыгыш түштүк беш урук, / Каракөз менен Калдыктын, / Көл тилине алданып, / Не келдиңер бул жерге?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бүгүнкүсү Чигитей, / Бүткүл дүйнө жер бетин, / Бучкагына теңебей, / Артып кетти кыргыз, деп, / Кытайга антип угузуп, / Камынып булар калыптыр, / Коросондук Коромжу, / Коромжунун беш уулу, / Кубатай болчу улуусу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Мөндүлөгөн калчанын, / Көргөндө ашкан айбатын, / Айкөлүм турат кенебей, / Бургутуп кирген калчаны, / Бучкагына теңебей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тоосур менен Кутургур, / Кебелбейт да, кенебейт, / Кара дөөнүн найзасын, / Бит чакканча элебейт, / Кудай урсан кутургур, / Бучкагына теңебейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Семетейге теңелтип, / Койбогун мени сенделтип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →