теңде
- Бир нерсени өз ара барабар кылуу, барабарлоо, теңөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…дар келди эле: / «Эңкейип мени карайт го, / Эсирдиң эле, арам, — деп, / Эми каным жайлайт го, / Мен кылганды бул кылып, / Катын-балам талайт го, / Кайран башым тенде жок, / Бир кабатта калат го.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ардыгы, / Өлгүчө чуркап шашылып, / Араа, балта, чот-керки, / Ала чуркап ашыгып, / Темирчи көөрүк көтөрүп, / Дөөшү менен барсканын, / Көмүркөй менен кычкачын, / Теңдеп таңып артынып, / Күйнөлбөй тез жүргүн, деп, / Көөрүкчүсүн чакырып, / Токсон миңче эрендер, / Токойго кирди жабырып, / Кырчындын барын кыйратып, / Жоонун кесип …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Душманга беттеп барам, деп, / Пилге теңдеп ок арттың, / Мындан кийин калганда, / Эгин эгип кетмен чаап, / Эшекке теңдеп бок арктын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
— деп, / Ажалга себеп болду го, / Ысмайылдын кеби, — деп, / Уулдун уулу Сейитек, / Тирүү койбойт деги, — деп, / Канчородой каргыш, деп, / Карыганда көптү Каныкей, / Как ушундай болсун, деп, / Так төбөмдөн тик жара, / Теңдеп эки бөлбөйбү, / Чоң жолдун эки жагына, / Өлүгүмдү көмбөстөн, / Таштап атып жөнөйбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кыргызга берчүү тартууну, / Тирүү калган эл берет, / Санаты үч миң нар болсун, / Теңдегени үстүнө, / Экиден жагдан бар болсун, / Ком жыгачы сары жез, / Арканы жибек кенептен, / Бар жарагы шай болсун, / Жагданы куру болбойт го, / Ичи толгон зар болсун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →