теңге
- Акча бирдиги. Майда акча, күмүш тыйын.
- Казакстан Республикасынын улуттук акча бирдиги.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аралап айылың баспадык, / Ак теңге пулуң чачпадык, / Кыз-келинге катышып, / Абийирди ачпадык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мыкты болсоң Чойун алп, / Мынча киши чыкырып, / Убара болгон сен акмак, / Айлыңа басып барбадым, / Ак тенге пулуң албадым, / Кулаңды кууп качпадым, / Куржунда пулуң чачпадым, / Коржоңдогон, калмагым, / Ажалдан коркуп качпагын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кездеп атса ок өтпөйт, / Кастап калса чок өтпөйт, / Сайса найза теше албас, / Чапса кылыч кесе албас, / Өздөрүнүн кийгени, / Жөнөкөй кийим буулумдан, / Ар окшобос буруудан, / Теңгечелик ачык жок, / Темирлерден куйулган, / Чарайнасы алдында, / Көй кашканын баарында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кам орбодум буудайын, / Сындырбадым куурайың, / Ак куржунуң ачпадым, / Ак теңге пулуң чачпадым, / Жакшы-жаман экен деп, / Артыңдан сени айтпадым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Буурул менен алкылдап, / Теңгедей болгон кашкасы, / Маңдайында жаркылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →