терс
- Тескери, тетири, адаттан тышкары.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ак көңүлү кармаса, / Ак көрпө жайыл көрүнөт, / Каары кармап терс алса, / Кан төгөр жайы көрүнөт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Уккан кебин улады, / Эркечтам башын ашканда, / Терс айланып калам деп, / Улама аңырт ойлоду, / Коңарт тоосун бойлоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Терс айлантып торултуп, / Капканын кырка артууга, / Сары коонун түзүнө, / Алып барып таштады, / Сейтек жетип аңгыча, / Серпишип уруш баштады, / Айкөл Манас баатырдын, / Айчыгы алтын кызыл туу, / Белгини сайып таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тескери аккан суу менен, / Терс айланып басайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…, / Ушунча баскан көп талаа, / Таласка карайт баары жер, / Шымалды көздөй толгонду, / Иленин чыкты кырына, / Мундан нары казак, деп, / Кайра тарткан болжолу, / Терс айланып жол алып, / Күн батыш менен айланып, / Үчкошойдун бөксөгө, / Кеңколдун күнгөй бетинде, / Кетпей түнөп калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →