терик

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Жактырбай таарынуу, нааразы болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Аркадан чаңы түрүлүп, / Күрөгөндөй сүрүлүп, / Коросон, испан, жедигер, / Тажик менен калмакка, / Качып барып биригип, / Булар качып келгенде, / Көкбөрү калды теригип: / — Тете, Салаа, Каракөз, / Аркаңан айың айтпаймын, / Бетиңе айтам көзмө-көз, / Үч улук катар турупсуң, / Бир жандан качып уйалбай, / Жалдырап карап турушуң, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Уруштуу күнү узарган, / Учу өрттөй кызарган, / Шилтегенде эр Манас, / Темирди талдай таарыган, / Ачалбарсын колго алып, / Желбегей тонун жамынып, / Барктууланып башкадан, / Башына сары чалынып, / Кер жолборстой чамынып, / Жайынча чамдап теригип, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…анастын уулу дегенде, / Жан айабай тийди эле, / Ылдамдата теминип, / Калдаңдап өпкө демигип, / Кайра тартпас каар менен, / Чагуучу жылан заар менен, / Укканына теригип, / Качырып кирди желигип, / Маңгыттардын Калкатай, / Өлүмдөн качып баш тартпай, / Найзасын ыргап имерди, / Оро-пара чунакты, / Бөйрөккө муштап жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →