тери

китептерде 210 жолу, 10 китепте
  1. Адамдын, айбандын денесин каптап турган тышкы катмары, кабыгы; союлган же өлгөн айбандын сыйрып алынган талпагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Заар беттешип жатыптыр, / Токой күйүп тумандап, / Борошолоп жамгыр жаап, / Каар беттешип жатыптыр, / Алдында минген аттарын, / Кара баткак жуурулуп, / Суудай тери куйулуп, / Тей беттешип жатыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…тчы келет тартаңдап, / Белин бекем курчанып, / Ийри орогун белге алып, / Орокчу келет кыйкаңдап, / Эрин ээрчип жүгүрүп, / Катын келет тыйтаңдап, / Жонунда жоор тери жок, / Аттары келет кыйшаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Темирден кадаа орнотту, / Шуудурдун чылгый терисин, / Эки бутка төрт жерге, / Табарсык менен колтукка, / Эки колдун карыга, / Кокойгон ичке мойунга – / Тогуз жерге салдырды, / Башына каптап таңдырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Атакөйү кызыл аттын Бир тери бар экен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бай кыжырына чыдай албай, мени төөнүн чылгый терисине салып, анын оозун тарамыш менен тигип, бир жерге алып барып таштайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →