терең

китептерде 88 жолу, 10 китепте
  1. Түбү бир кыйла, көбүрөөк созулган тайыз эмес.
  2. Кенен, кеңири, көп.
  3. Түп жак ичин көздөй кеткен алыскы тарап.
  4. өт. Оор, катуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Туйдурбай бирден чакыртып, / Темир шаанын жакынын, / Чыгарбай үнүн бакыртып, / Терең казып кандекти, / Кылычтап башын чаптыртып, / Үстүнө топо төктүрүп, / Өлүктөрүн жашыртып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…деген далайдын, / Канын ичтиң, Кененим, / Көрүп туруп кейпиңди, / Өзүм эми келгемин, / Эми кайта жер бетин, / Экинчи көрөм дебегин, / Талпагың ташка керейин, / Тереңди тасма тилейин, / Кутурупсуң, Кененим, / Көөкөрлөп каның ичейин, / Айтканыма жетпесем, / Найзага илип кетпесем, / Өзөгүңдөн жарбасам, / Өпкө бооруң албасам, / Б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Оорагы Манас уулумда, / Оңой эмес Сыргагым, / Жоошуп туруп түз айтат, / Акылы терең Серегим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көрүн терең каздырып, / Сый-зыйнатын кылалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ушунун обонунда бир терең сыр бардай, кечке жакын сайды жаңыртып салган эркин обону менин жүрөгүмдү козгоп, касирет-кайгыдан бошотуп, алдакайда көтөрүп сергитип таштачу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →