терек
- Тал түркүмүнө кирүүчү дарак.
- Жалпы эле жыгач, бак-дарак, бак-шак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ган катын караткын, / Жаңылыш болуп калбасын, / Аныгы менен өлсө да, / Арманы калбас Байматтын, / Ал буйрукту алганда, / Шылуун Серек мындайга, / Сайасы салкын тереги, / Ар качандан бир качан, / Кысылса тийет кереги.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көнүк болгон кызыл лөк, / Терекбай келет өбөктөп, / Терекбайга Сейитим, / Шилтетип чокмор чаптырбай, / Керээз кебин айттырбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бүрдөгөн терек эл элек, / Шагыбыз бүгүн кубарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Тоо ылдый соккон желаргы менен теректер дирилдеп, чөптөрдүн башы шуудурап акырын гана чайпалат...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Чыныбек эртең менен эликке барып чынар теректин түбүндө жаткан жеринен, арканын үч тегеретип ыргытып, атына минип, көрүнбөй кете берди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →