терде

китептерде 58 жолу, 9 китепте
  1. Тер чыгуу.
  2. өт. Буудан суу болуу, нымшуу, бетине суу пайда болуу (мис. терезеге).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айтарына кеп таппай, / Апкаарып Шоорук тердеди, / Токтолуп калды былк этпей, / Мадана жетип келгени: / — Айланайын чырагым, / Атадан артык чунагым, / Эл намысын талашып, / Атка минген убагың, / Каңгайды сайып жеңди, деп, / Каттоочудан угамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…дөбө, / Тогуз кабат кийгени, / Баары соот, күрөөкө, / Кабаттап калкан тартынган, / Буттай темир артынган, / Бул кара нээт калмакка, / Ажалдуу бенде катылган, / Тердебеген Темир көк, / Ал кездеги эрлердин, / Аңгемеси далай көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Калчылдак кирип эки кыз, / Кара бойдон тер кетип, / Амалы такыр түгөнүп, / Карпаңдаган Шуутуну, / Катындар жаман тердетип, / Каныкей келсе калдым, деп, / Каныкей тирүү көрбөсө, / Алмамбеттен өлдүм, деп, / Чубактан кордук көрдүм, деп, / Токтоно албай эр Шууту, / Кирип чыгып делдеңд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…у мындай койуңуз, / Ат эсебин алыңыз, / Калдуу кызыл жалдуу көк, / Тумарлуу кызыл Турнакөк, / Токтонбайдын Торала, / Токо бийдин Бозала, / Текечинин Темиркөк / Тердебеген Көкала. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Күз айланып, кыш келип, / Келиптир, кайра жаз жетип, / Бир күнү туруп Сомбилек, / Өзүнчө тердеп шай кетип: / “Талыкшып бойум калыпмын, / Үч жылдан бери карата, / Козголбой жатып былк этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →