теп1

китептерде 89 жолу, 10 китепте теп 2 →
  1. Бут менен согуу, уруу.
  2. Бир нерсенин үстү менен сыйгалактоо, илгерилеп жылуу, жүрүү, күүлөнүү.
  3. Көбөйүүнүн натыйжасында (мис. сүт, ириң ж.б.) чыңалып, толуп кетүү, туш тарабына жайылып кетүү, чаап кетүү.
  4. Карды шилеп отто же анын алдынан от таап жеш үчүн буту менен жер чапчылоо (малга карата).
  5. Бийиктикке жогоруга чыгууда же түшүүдө, унаага минүүдө бутту тепкичке, үзөңгүгө ж.б. такоо, сүйөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көпкүлөң тарткан боз балдар, / Эригип үйдө жаталбай, / Сазды бойлоп куш салып, / Өрдөк, чүрөк, каз алып, / Каркыра,турна, тоодакты, / Ителгиге тептирип, / Кекилик, чил, кыргоолду, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…үп жатканда, / Жер силкинип козголуп, / Топурак учуп тоз болду, / Кененим деген үн чыкты, / Жер жарылып суу чыкты, / “Мен Гүлүстөн, сен Кенен, / Турбай, балам, тебирен! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…лдар келер, деп, / Кирип чыгып эшикке, / Токтоно албай элеңдеп, / Балта айткан бир кеп бар: / “Жакып, Шыгай бир эле, / Бир катындан эле, — деп, / Тар курсактан тебишкен, / Талашып эмчек эмишкен, / Атам менин Шыгайдын, / Энеси экөө бир экен, / Шыгайга барып түшөм”, — деп, / Ойунда Манас бул экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каныкейден кеп кетип, / Тепелең деген бир келин, / Чуркаган бойдон ал жетип, / Көрүнүп турган өпкө-боор, / Ичеги, карын, жумурун, / Беш жеринен кескени, / Канчоро өлүп кетти эми, / Кылчайып т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Дени калды майданда, / Тартынып бала жетпеди, / «Тартынган киши жоо албайт», / Бир курсактан туушкан, / Тар курсакта тебишкен, / Талашып эмчек эмишкен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →