тепке
- Комуздун кылдарын чертүүгө ылайыктап көтөрүү үчүн кылдардын алдына туурасынан коюлган кичинекей жыгач тээк.
- Апийим өсүмдүгүн ж.б. отоо чөптөрдөн арылтып отоо, чабуу үчүн колдонулуучу узун саптуу чапкыч, кичинекей кетменче, чанжы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ыр минген Майтору, / Жылкыдан сыны бир башка, / Анын ырысына жараша, / Аркасын карап кылчаңдап, / Жорголой басып ыкчамдап, / Кыйгач тиктеп жаныбар, / Кыйырдата тепкенде, / Жүздөн ашык ит өлүп, / Бир канчасы жарадар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Топ-топ качкан немесин, / Тоодак тепкен шумкардай, / Томолотуп баратат, / Жалгыздап качкан немесин, / Жара сайып жүлүнүн, / Канын жайып баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жөлөгөнгө болобу, / Алмамбет тепкен оңобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Селкинчек тепкен кыз болсо, / Селкилдеп ойноп каласың..
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Сырганактагандын адиси мындай болот: ары жаткан чөптү колтырмоочтоп, көтөрүп келет да чыңк ылдыйга келгенде чанага отуруп муз тепкен балдардай бийиктин башынан чөмөбү менен өзүн коё берет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →