тен
- Дене, ден.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыз олуйа дегендин, / Кызматкери боломун, / Жанымды койуп көөдөнгө, / Ташка айлантып тениңди, / Токтотуп койом жөн эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мадыбектин артынан, / Медеркан кире барыптыр, / Медеркан кирсе артынан, / Мадыбек кебин салыптыр: / — Иним элең Мөңкөтай, / Сага айтар кебим бар, / Амансыңбы тениң соо, / Кеп сүйлөөргө барбы шай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
деп, / Тениңден башың кесемин, / Аксын каның тамчылап!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айдаркандын эр Көкчө, / Айбаты жандан бөлөкчө, / Коңур кесип баш алды, / Тулку бойу тен калды, / Буудайык хандын Музбурчак, / Бурулбай кетти бул дагы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…/ Ар канча кылып найзасын, / Сейитимден алалбай, / Эрдик менен көгөрүп, / Сабын койо бере албай, / Талаа-талаа найзасы, / Тараша кетип кыйчылдап, / Эр Тапактын тенинен, / Тер куйулуп былчылдап, / Сейитимди сайалбай, / Тапактын иши аксады, / Теңдигин колго алалбай, / Тулку бойу зыркырап, / Кар жилиги какшады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →