темир
- Балка менен согуп узанганда созула турган, чоюлгуч келген оор металл, химиялык элемент, чоюн менен болоттун негизги составдык бөлүгү.
- Ушул металлдан жасалган ар кандай буюм-терим, курал.
- өт. Катуу, бекем, чың.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ы, / Асмандан ташты кулатып, / Кылып көрдү айбатты, / Куландын сары сайында, / Козголбой жаткан эрлериң- / Калдагай кулак Чойун алп, / Жез киндиктүү Кикимат, / Темир тондуу Шалкымат, / Кокту каттан хан Чиктей, / Тажиктердин Темирбек, / Алар да келген тебелеп, / Коросон, испан, ооганды, / Кол чакырып куралып, / Жааган күндөй…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Башына туулга көмөргүн, / Сом темирин өңөргөн, / Далыга калкан жамынган, / Белине темир курчанган, / Беттеп кирсе майданга, / Чыгарчуудай күм талкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сыйкыр менен жасаган, / Пилин торго албаган, / Тогуз кабат темирге, / Оролуп Сыргак эр калган!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Темирден кадаа орнотту, / Шуудурдун чылгый терисин, / Эки бутка төрт жерге, / Табарсык менен колтукка, / Эки колдун карыга, / Кокойгон ичке мойунга – / Тогуз жерге салдырды, / Башына каптап таңдырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Ханым, мага темирден таяк, темирден чокой, түгөнбөс гүлазык таап бериңиз.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →