тели1

китептерде 1 жолу тели 2 →
  1. Бир жак капталына кыйшайтып салуучу жылкы оорусу.
  2. өт. Маңыроо, келесоо, көк мээ (адам жөнүндө).
  3. Бир бүтүмгө келе албоо, арсар болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сайрабай булбул тил катып, / Молдо торгой, сандыгач, / Сүйлөй албай буулукту, / Мурун кудай такшанып, / Күкүктүн баары күдүңдөп, / Көк асман бети бүрүлдөп, / Көрүнбөй көзгө күүгүмдөп, / Кээде олтуруп, кээде кооп, / Тели болгон жылкыдай, / Чакчелекей жүгүрөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →