тек1
- Келип чыккан түбү, түпкү укум-тукуму, негизи.
- Жер кыртышынын курамдык бөлүгүнөн болгон, көбүнчө туруктуу курамдан турган же жерден казылып алынуучу минерал.
- диал. Бир нерсенин төмөн жагы, түбү, асты жагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калдыктан качып базарга, / Баралбай жүрдүм аралап, / Ата тегим өзүбек, / Калмакка кантип тийем, деп, / Билинбей жүрдү мааналап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жетисууда жедигер, / Жери, баатыр, сеники, / Жети суу толуп жайкалган, / Эли, баатыр, сеники, / Илгертен бери кас чыккан, / Теңдеше албай пас чыккан, / Эри, баатыр, сеники, / Толтойдон бери карата, / Теги, баатыр, сеники.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ирүү жесир кылам, — дейт / Карманап менен хан Манас, / Экөө экен куда, — дейт, / Кудалыктан экөөнү, / Кыламын такыр жудаа, дейт, / Доңуздан бетер коркулдайт, / Тегеле көңүл тынар сөз кылбайт, / Чалып салар каманбы, / Кетирди маңгыт амалды, / Аттанып жөнөп келемин, / Эр Манаска баргалы, / Жиберди мени Карманап, / Ошого кетип …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ачасы чыгып кебиңдин, / Гүлчорочо болбодум, / Өмүрүмчө теги мен!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Теги Кыргыз-Сайда баштагы түр жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →