текче

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Үй ичиндеги ар кандай буюм-терим коюла турган оюк.
  2. Китеп койгуч.
  3. Аялдарга тийиштүү майда-барат буюм-теримдерди коюу үчүн боз үйдүн керегесинин баш жагына бекитилген кичинекей орун.
  4. Терезенин астынкы тектирчеси.
  5. Тектирче түрүндө жасалган жай, супа, сере.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мынча күндүн алдында, / Казынага мен барсам, / Жыйып койгон текчеден, / Чачылыптыр маталар, / Жыйнайын деп карасам, / Нурфану деп аты бар, / Алда кандай заман деп, / Келер бекен аман деп, / Мен жүргөнмүн кайгы жеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Үйүнө аман кете албай, / Ойлогон ойго жете албай, / Ошондо өлүп жаткан бар, / Кулпунун оң кол жагында, / Күмбөзгө ойгон текче бар, / Ал текчеге койулган, / Текчечелик сандык бар, / Сандыкты ачсаң кагаз бар, / Кагазды алгын унчукпай, / Аттан башка немеге, / Алынбайт кагаз деги эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Текчеден гүлү ачылган, / Жемиши жерде чачылган, / Жойлогон жери доңуздун, / Кемегедей казылган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Мен аргымак жол тартып, / Баш бурган жакка оң тартып, / Күнгөй менен салайын, / Гүлдөрүн чөптүн карайын, / Тескей менен салайын, / Текченин чөбүн карайын, / Ой-тоонун баарын аралап, / Он күндө келе калайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →