тезек
- Малдын кыгы, ошол кыктан жайып кургатылган отун.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Келинжыр олжо бергенче, / Өлтүрөбүз кескилеп, / Сөөгүн сөпөт кылалы, / Тезектей муну тепкилеп!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тезек терип, мал тосуп, / Барып калса Каныкей, / Катын менен балалар, / Көрбөй калса айла жок, / Көрүп угуп калса эле, / Кордук салат Чачыкей, / Бир үйгө башын каттырбайт, / Бирөөгө кебин айттырбайт, / Башкадан даам таттырбайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жерди төрт бурч ойдуруп, / Көмдү ошо орого, / Талкалатып тезекти, / Ободогу булутту, / Байлап ага бекитти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мен эшиктин алдында каптагы тезекти жамбаштап отурам.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Абышка менен кемпир балага куран окуп, көл жээгине кой алып барып союп, кемпир тезек терип жүрсө, кызынын тонунун этеги чыгып жатат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →