таяке

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Эненин эркек туугандары.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Жашы мени менен тең — Курманбай таякем кызык көрүп, ээрчип чыккан. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Бул менин колум эмес, таякем Жагалымдын колу деп ойногун, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Бул менин колум эмес, таякем Жагалымдын колу, – деп балдар менен ойноп жүрөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Мен кандын баласы боломун, энемдин аты - Карчыга, таякемдин аты - Жагалым, – дейт бала. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →