таяк

китептерде 38 жолу, 2 китепте
  1. Таянып жүрүүгө колдонулуучу жыгач же башка нерсе.
  2. Жер босого менен баш босого ашташып бекитилүүчү боз үйдүн эшигинин эки жагына тикесинен тирелип коюлган төрт кырдуу келген жыгач.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Бурмаке таягы менен бөкчөңдөп жүрүп келе жатып, адатындай кобурап кетет: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
— Э токтамай кетсек, күн бата барып каламыс — деди камаарабай, өз жагында кийин калып койгон бир боз койду таягы менен жазгап калып. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жагалым түгөнбөс күл азык алып, темир чокой кийип, темир таяк таянып, карындашынын сөөгүн издеп жөнөйт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Он эки кайың таякты суусунан кесип алып, ошолоруң сынганча сабасаң гана хан анан туруп келет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Ханым, мага темирден таяк, темирден чокой, түгөнбөс гүлазык таап бериңиз. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →