тая

китептерде 22 жолу, 2 китепте
  1. Жөлөө.
  2. Белгилүү бир чекке жакындап баруу.
  3. Бир нерсеге негиздөө, такоо, байланыштыруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Күн бешимге таяп калган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бурмаке бөкчөңдөп, күчү жок бутун араң шилтеп, тайгактан тая-тая кетип баратып, кыямат кайым эми орногондой кезек-кезек бирдемелерди кобурап коёт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бир күнү кечинде барсам мага бир жуп-жумуру калач берип жатып эки бөйрөгүн таянып тура калып, көзү менен карап калып мага бирдеме деди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жагалым түгөнбөс күл азык алып, темир чокой кийип, темир таяк таянып, карындашынын сөөгүн издеп жөнөйт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Хан эми өзү жашынганын да таптырып, Чыныбек жашынганда таба албай, аялын уттуруп ичи күйүп, хандыгына таянып аялын бербей койду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →