таш1

китептерде 1272 жолу, 10 китепте таш 2 →
  1. Сууда эрибей турган, тоо тектеринин тобуна кирүүчү ар түрдүү көлөмдөгү катуу зат.
  2. Таразага салып, теңдештирип өлчөө үчүн колдонулуучу белгилүү бир салмакта жасалган (1 килограммдык, 500 граммдык ж.б.) металл куймалары же ошондой эле максатта колдонулуучу башка нерселер, кадак таш.
  3. Шахмат, шашка оюндарынын фигурасы. Бильярддын шарлары.
  4. тар. Белгилүү болуп туруу үчүн кытай, калмак чиновниктердин же жогорку даражалуу төрөлөрдүн баш кийимине сайып алуучу белгиси.
  5. анат. Эркектин урук бези.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…даган от күйүп, / Табарсыктын башы деп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайганы, / Найза каңгып так этип, / Ташка сайган немедей, / Кайта жанды чак этип, / Ээрден көчүк кыйшайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Элге айтып байанды, / Жакшылап күндү жай алды, / Салакалуу жай ташты, / Салып сууга байлады, / Асмандагы булутту, / Шамал козгоп айдады, / Шыбыргактап борошо, / Алай-дүлөй күн жаады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Төлгө кылып Каныкей, / Дөө Кошойдун Тайтору / Чапканынан баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эл жайнап, дөңгө чыгып барат, биз эңкейип, жолдун ташын терген болуп элден улам кийиндеп, калып отурдук. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала эки өгүздү чыгарып коюп, бир колу менен тартып, бир колу менен кармап, жерди айдап таштайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →