татай1
- Бир нерседен чочулаганда, корккондо көбүнчө аял тарабынан колдонулат.
- диал. Жаш баланы эркелеткенде айтылчу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жумшаса Отор турбады, / Татай мойун бурбады, / Топтон чыкты бөлүнүп, / Тоодой доңуз көрүнүп, / Ат айабай жөнөдү, / Артынан чаңы бөлүнүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сары жел артуу туу белде, / Салкын жерде жатайын, / Кол-бутум сунуп керилип, / Уйкунун даамын татайын, / Келишкен сонун жер экен, / Ыраатын мунун татайын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алдына колун салыптыр, / Баланы өөдө кылганы, / Көтөрө албай баланы, / Бакдөөлөт көзү жайнады, / Ээрдин кесе тиштенип, / Көтөрүп жерден алганы, / Күч келиптир Бакдөөлөт, / Кокустап бели калганы, / — Татай, көтөк, нетти?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Шоорук менен курбалдаш, / Мансабы да, эрдиги, / Окшош өткөн неме экен, / Ажалынан өлүптүр, / Атын Татай дээр экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кобурлуу жерде кулжаң бар, / Кумдай кийик мында бар, / Кулжаңды макул атайын, / Куйкалап этин татайын, / Корголоп зоонун түбүндө, / Курушуп бир түн жатайын, / Кунсуз жанды бакканча, / Кубаарым этин татайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →