тат

китептерде 153 жолу, 10 китепте
  1. Тил аркылуу татканып даамын билүү.
  2. Тамактануу, оокат-аш ичүү, жеп көрүү.
  3. Турмуш-тиричиликтин ар кандайын: ачуу-таттуусун, оор-жеңилин, азап-тозогун башынан өткөрүү, билүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Татылданын бир кызын, / Жинге тийген эрге деп, / Айтчу эле Нурфанум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ачпай напсиң неткени, / Атбай алаш жөн жатса, / Таласка булар жеткени, / Беймаал кыргыз жатыптыр, / Беш убак тамак татыптыр, / Чигитейдин уйкусу, / Он беш күнчө качыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Аскер түшүп жатышты, / Жан казанын асышты, / Уйкунун даамын татышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Арзан эмес кан Бакай, / Бармактай тамак таттырбай, / Эс алган сайын баатырга, / Муздак суудан ууртатып, / Кылт дедирип жуткуруп, / Жел киргизбей кумтушуп, / Каныкей качан келет деп, / Белес жакка көз түрүп, / Бир түндү араң өткөрдү, / Кирпик какпай олтуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күүгүм кире күн бата, / Токой да келип кошулуп, / Бугу этинен татышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →