тасма2
- диал. Дасмал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
зоодой мелтиреп, / Бойго жеткен кыздары, / Озунган сууну келтирет, / Адашып калат эчендер, / Эсин таппай темтиреп, / Кыргый сөөк, кымчак бел, / Кырмызы көйнөк тасма бел, / Тал-талдап тизип өрдүргөн, / Желкесинде чачын көр, / Бешенеге жарашкан, / Калемдей кара кашын көр, / Ийини салык, мойну кез, / Алмадай болгон башын көр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Артында турат чигиттин / Кашкайган сонун жигиттин, / Атайын келген Торгойдун, / Тасмадай бели бүгүлүп, / Тартынбай айткан кебине, / Атасынан түңүлүп, / Араң-араң токтолот, / Келейин деп жүгүрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…лайдын, / Канын ичтиң, Кененим, / Көрүп туруп кейпиңди, / Өзүм эми келгемин, / Эми кайта жер бетин, / Экинчи көрөм дебегин, / Талпагың ташка керейин, / Тереңди тасма тилейин, / Кутурупсуң, Кененим, / Көөкөрлөп каның ичейин, / Айтканыма жетпесем, / Найзага илип кетпесем, / Өзөгүңдөн жарбасам, / Өпкө бооруң албасам, / Бооруңд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
менен чырматып, / Көгүчкөндүн канатын, / Сыйрып алып сырдатып, / Кытайдын кызыл курчунан, / Бир канчасын алдырып, / Бөрү тилме чыгарып, / Учун ууга сугарып, / Тасмадан боону тактырды, / Балбандар алып жактырды, / Колумсага салдырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…Жолго казан аскан күң, / Жолоочу жолун тоскон күң, / Керүүгө казан аскан күң, / Кербенчи жолун тоскон күң, / Тиши буудай болгунча, / Чачы куудай болгунча, / Ак тасма камчы сыдырып, / Эр издейсиң кыдырып, / Саамайың куудай ак болгон, / Акун хандын төрүндө, / Көп отуруп дат болгон, / Шумкарым берчи, кетемин, / Сени алып нетем…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →