таруу1
- Шыпыргы баштанып чыгуучу майда дандуу кара эгин жана анын даны.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Казактын калкы жай жатты, / Кара чайын кайнатты, / Актап койуп таруусун, / Талканынан жеп жатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Үнүң каар, өңүң заар, / Көзүң кыйгач, ичиң чаар, / Таруудай бетте каның жок, / Кабуу тапсаң кишиге, / Ыракым кылар пейлиң жок, / Манастайсың бакырып, / Жөн жаткызбай көрүнө, / Атынан айтып чакырып, / Тирүү киши турмайал…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Өлөңүн айтып жаңырган, / Обонун кошуп жаңырткан, / Таруусун таштай актаган, / Катынын кыздай мактаган, / Иленин суусун бойлогон, / Кол кушуруп кой сойуп, / Тоскундай казак мында жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Үч капка жайма таруунун жанында бир келин соку күйшөп туруптур.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кыз таң атканча перинин кыздарына тарууну тердирип койду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →