тарса
- эск. Христиан дининдеги эл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бараң менен Шанхайды, / Жөөт менен тарсаны, / Жуда менен калчаны, / Каракалпак, Кыйваны, / Баарын мындан куткарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тарса, жөөт, сакалат, / Калчаны кошуп аралаш, / Чүржүт менен жуданы, / Сага берди буларды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Санаты тогуз күнүндө, / Бадакшандан, Балыктан, / Тарса, жөөт калыктан, / Түркмөн менен калчадан, / Андай нечен барчадан, / Жүржүт менен жудадан, / Калмактан көрүп кордукту, / Ар кайда жүргөн мындайдан, / Көңтөйдү Манас жеңди, деп, / Барбаганы калбаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Тарса-тур жаңкыдан күчөп кирип келди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →