тарс
- Урулуудан, кагылуудан же мылтык атылганда чыккан катуу дабыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Балта менен Кытанды, / Дал шакшакка какканы, / Оң колунун шакшагы, / Сынып кетти карс этип, / Колундагы чокмору, / Жерге түштү тарс этип, / Салмагынан чокмордун, / Жер козголуп калт этип, / Чокмор түшкөн жеринен, / Топурак учту чаң кетип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чатырга кирип келгенде, / Чатырдагы беш киши, / Жалпы тийбей бир иши, / Алымсарык ат койуп, / Доолбасты карс койуп, / Мылтык алып тарс койуп, / Манастап ураан чакырып, / Манастын атын укканда, / Баарысы калды шашылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Элесин көрүп эр Чубак, / Ээрчите улап шыкаалап, / Тарс дедире бир койду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мылтыктын үнү тарс этип, / Аңгыча зоонун боорунда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Эмнегедир шол замат баягы жыландын ичи тарс эте жарылып, сулап жатып калат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →