тара2
- Чачтын, кылдын ж.б. чачышын, уйпаланганын кетирүү, тегиздөө үчүн тарак менен сыдыруу.
- Тарам-тарам кылуу, тарам-тарам кылып сыйдалоо.
- Туш-тушка бөлүнүп, бириндеп кетүү, бытыроо.
- Жайылуу, белгилүү болуу.
- Жоюлуу, жок болуу, мурдагы калыбына келүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайыр айтып, кош айтып, / Келген элди таратып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
деп, / Айылдан кийиз алышты, / Төрт бурчунан көтөрүп, / Айылга бара калышты, / Чуркураган үндү угуп, / Туйунуп Көкөй калышы, / Жете барып балага: / — Жинди болгон кишиге, / Тегеректеп турбаңар, / Ай менен күндүн кулагы, / Тийишип казак элинде, / Айлыңда турса душмандар, / Жай-жайына тараңар, / Жан сактоо жагын караңар!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жолборстук сыны тарады, / Жолдошторун сынады, / Арстандык түрү тарады, / Азаматтарын сынады: / — Жаактууда жанашпас, / Таалайың адам талашпас, / Тыңдуусунуп тиркешип, / Тилдүүдө бирө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ошол кезде карасаң, / Койколоңдоп Агийин, / Канат жүнүн тараган, / Салаңдап каты көрүндү, / Мойнуна асып байлаган, / Сейитек катты алыптыр, / Ачып окуй салыптыр: / Абакемди Кара дөө, / Кайыпчыда тапты, — деп, / Жиберген Ток…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мына ушуңдан улам "Катын жакшы - эр жакшы" деген лакап кыргыз элине тараган экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →