таран1
- Терини булгаары же кайыш кылып ийлөөдө, иштетүүдө колдонулуучу өсүмдүктүн тамыры.
- диал. Эгин, дан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Менин атым атым Кызылкыз, / Өмүрхандын кызымын, / Жигит болуп көрүндүм, / Кыз экеним билгиниң, / Бөркүн алып таранып, / Күзгүгө өзүн каранып, / Кубулжуган кыз болду, / Бекбача баатыр саламат, / Татылдадан Нурфану, / Качып мында келгенин, / Бекбачаны Перилер, / Алып барган жер…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Жакып келер бекен”- деп, / Жан жагына каранып, / Жайып чачын таранып, / Баласы жок куу баштык, / Жадында турат саналып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бозумун түлөп жетилип, / Тарандыбы чунагың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бешим маалы болгондо, / Эрке катын Чачыкей, / Ордодон чыкты маңкайып, / Ак кулжадай даңкайып, / Эки жагын каранып, / Карчыгадай таранып, / Кызгалдактай кылактап, / Асталай басып булактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Улуусу күзгүгө каранып отурганды жакшы көрсө, ортончусу таранганды сүйөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →