тар

китептерде 381 жолу, 10 китепте
  1. Эни, көлөмү тайкы, кууш, кең же жайык эмес, кысылыш.
  2. Жетишсиз, кемчил, кысталыш, кененчилик эмес.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ «Таласка барып эл талап, / Бүлүк салат экен, — деп, / Бейкут жаткан кыргыздар, / Түйшүк тартат экен, — деп, / Канткенде кылам кабарды, / Чигитей укса экен” – деп, / Көп эле акыл ойлонду, / Көөнүндө буга токтолду, / Көмөрүп башка кийгени, / Көл темирге ок… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Дабытайдын найзасын, / Сайдырбай кагып жиберип, / Колундакы найзасын, / Оңдоп кармап имерип, / Кыйа тарта бергенде, / Кыйрына кирип келгенде, / Кый сүйбөөгө бир сайды, / Кызыталак Дабытай, / Ээрден көчүк бултайып, / Үзөңгүдөн бут тайды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Падыша Чыңгыш болсоң да, / Өтө сенин пейлиң тар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлчоро иниң кар болду, / Эки колдун далысын, / Канчоро капыр кескилеп, / Кең дүйнөсү тар болду! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эмесе, аба» — деп, — / Бура тарта бергенде, / Бурула тартып кеп айтат, / Анык ички сырды айтат: / «Эми жеттим, Семетей, / Суркойон сындуу бууданга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →