тап1
- Жок, жоголгон нерсени кезиктирүү, учуратуу.
- Пайда кылуу, жаратуу, киреше киргизүү.
- Туш келүү, дуушар болуу, кабылуу.
- Төрөө, дүйнөгө жаратуу.
- Табышмактын, жашырын сырдын ж.б. жообун, аныгын билүү, билип айтып берүү.
- Эсептөө, эсеп кылуу, ылайык көрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Эл башкарган ханыңа, / Эс акылдуу карыңа, / Эп келсе кебим баарыңа, / Кыргыздан алган олжолоп, / Эсебин тапкын мал канча?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карап калып кайран шер: / “Кайрылбай кете берсемби, / Саламат менен Ачакан, / Таппай кайтып келгенде, / Кантер экен Дабытай, / Андан кийин көрсөмбү, / Суу толкутуп чайкалтып, / Толтура куйуп чайпалтып, / Келген күнүн көрсөмбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Туубай үч жыл куру калды, / Эки жыл кетти жоголуп, / Табылбай чаар бээ койгондо, / Күндө суроо салгамын, / Элдин тынчын алганмын, / Короого келип калыптыр, / Үчүнчү жылы бул малым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— деди, / Азыр ылдам тап!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Торсолдой менен Сетертай, / Өткөрүп койгон кызматты, / Аны булар биле албай, / Өзүнүн ордун тапты деп, / Ажыбайдын Керменбай, / Эл чуркурап айтышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →