танда
- Кандайдыр бир сапаты, белгиси боюнча башкалардан ажыратып ылгоо, ажыратып бөлүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Илбирс атып, чөө атып, / Ийри мойун төө атып, / Мастан айуу дегенден, / Төрүнөн атып сулатып, / Текесин таштан кулатып, / Кулжаны тандап атышып, / Курбуга койуп чубатып, / Кайберенди талкалап, / Капчыгайга сулатып, / Сонундардын терисин, / Сойдуруп алып Кубатай, / Балбандарга жыйнатып, / Илбирси…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бири мыкты жан экен, / Кеп айтканы шар экен, / Айткан кеби ал экен: / — Буйрук алып, кат алып, / Буудандан тандап ат алып, / Аттанып чыктык талаага, / Учурап калдык баратып, / Кененим аттуу балаага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көзүн көрүп капырдын, / Сөзүн угуп жангансың, / Мен элге кабар кылайын, / Эрлерден тандап жыйайын, / Эптеп-септеп урушуп, / Амал кылып турайын, / Самарканга өзүң бар, / Айтканым түгөл билип ал, / Кабарын угуп жүрөсүң, / Бай Жакып деген кайным бар, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акылман туулган Керменбай, / Алдынан улак алпар, деп / Кырк баланы куптады, / Келинден тандап ыктуудан, / Кишиге жакын шыктуудан, / Так отузду жумшады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бээни байлап салышып, / Кысырак тандап сойушуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →