там1
- Киши туруу үчүн дубалдары кыштан же топурактан тургузулуп жасалган үй.
- Дубал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Качантан бери кагышып, / Кармаштым далай салышып, / Испандык ханы Ачакан, / Мени менен бир барган, / Баарынын тарпын чыгардың, / Далдал кылып тамтыгын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…о турат калкайган, / Жондор-жондор дүңкүйүп, / Кыраандары арсайган, / Ортосу саргыч көрүнгөн, / Тоолору турат жалпайган; / Андан да бери карасам, / Катар-катар тамы бар, / Калың эмес, жок эмес, / Орто-карта багы бар, / Айландыра карадым, / Айра биле албадым, / Элеси көзгө көрүнөт, / Түндүк жакта жана тоо, / Ал кайериң Алма…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жер солкулдап дүңкүлдөп, / Там кыймылдап сүлкүлдөп, / Жер чайкалат экен, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Салып чыккан там урсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Тамдын бурчунда, Бурмакенин ийрип бүтпөй калтырган жипшууларын кармалап, үшкүрүп Жанымжан отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →