тамыр

китептерде 49 жолу, 9 китепте
  1. Өсүмдүктөрдүн жерге орунтукталып турушун, суу же башка азык заттарын өзүнө тартып, тамактанып туруусун камсыз кылуучу жер астындагы бөлүгү.
  2. анат. Кан жүрүү жолдору, кан тароочу түтүкчөлөр.
  3. Дос, достошкон адамдар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Билегинен күч кетти, / Өпкөнүн кара тамырдан, / Кунан уйдун белиндей, / Өкүрөңдөп кан кетти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Укмуштуу киши Медеркан, / Маңдайынан сылады, / Билектен тамыр кармады, / Балага тийген кеселди, / Башка кебин салбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…лгы, / Колдо камчы баарысы, / Кырчын талдар буралып, / Асман тиреп кайыңы, / Темирден катуу ыргайы, / Чыккан чөбү бүт дары, / Аркар оту, мамыры, / Арбын чөптүн тамыры, / Шыралжын менен бозунач, / Кокон менен сүт тикен, / Кан аккан жерди бүтүргөн, / Чалкан куурай бирсалар, / Шишикке дары табылбай, / Өпкө оорунун дарысы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Мээнин кабы жарылган, / Жүрбөй каны уйуган, / Сүйлөбөй тили буулган, / Айабастан иштетип, / Канча түрдүү дарыдан, / Арылган араң ириңден, / Ириң жеп тамыр чириген, / Ушундай түрдүү себептен, / Тили кечир булдурап, / Так келе албай чулдурап, / Кулагын турган чер басып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ырысты жедик кыргыздар, / Тамыр түптөн кыркылды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →