тамыз2
- Күйгүзүү, тутандыруу, жандыруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Билейин абдан муну” — деп, / Өзү молдо Медеркан, / “Чигитей” деп кагазга, / Жети жерге чийди эле, / Эзип туруп суу менен, / Тамызып аны оозуна, / Ичирип аны ийди эле, / Алкымдан өтүп болгунча, / Өңүнө кызыл кирди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Куну деген дары бар, / Куйуп койсо тамызып, / Баса берет тирүү жан, / Ооруган жерин биле албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, / Төшөгүндө кыш болуп, / Кооп сийген …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүткө кошуп Айчүрөк, / Как ушундай дарыдан, / Кулагына тамызып, / Көзгө сыйпап жиберип, / Сулумсур деген жоолук бар, / Артына аарчып имерип, / Аңгыча Бакай абаңыз, / Кыл мурутун сылады, / Сылап кайра тарткыча, / Бир мурут чыга калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Алдына алып, оозуна сүт тамызып, киши кылып алгандан кийин баланы көпкө, багып жүрүшөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →