тамга

китептерде 27 жолу, 6 китепте
  1. Белги катарында көбүнчө ысык темир менен басып түшүрүлгөн из, так.
  2. Жазуунун ариби, жазууда айрым тыбыштар үчүн алынган белги.
  3. өт. Көңүлдө, жүрөктө сакталган из, запкы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ырайымсыз иш кылды, / Моңгулдун чыккан жалабы, / Арам сийдик эки кул, / Ал манжудан тамганы, / Эр Бекбача баатырдын, / Бүткөн бойу жыйрылып, / Дүр-дүр этип чыйрыгып, / Кырс-кырс этип үн чыгып, / Исиркектенип суу чыгып, / Кайнаган суудай тызылдап, / Бү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эч болбосо бербесең, / Чаап келген малынча, / Жандын билсең кадырын, / Кеңири айткын барынча: / “Кыргыздан алган биздин мал, / Тамгадан тандап барын ал, / Аштын кени биздин жер, / Кыргызга жетер дандан ал, / Короодон кармап кой сатпай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жээрде аттын алдында, / Соорусу калдуу Аккула, / Куйругун булгап жол баштап, / Айбаты басып ааламды, / Ашкере колдоп арбагы, / Көргөн бенде тура албай, / Көзүнөн жашы тамганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бөлөк-бөлөк кызыл кан, / Мурдунан жерге тамганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Он мүнөтчө болгондо Мамирмазиндин катыны, чапанын желбегей жамынып, жай басып чыгып келди да бизге бет маңдай жерде тамга сүйөнүп барып отура кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →