таман

китептерде 145 жолу, 10 китепте
  1. Буттун жер баса турган жалпак жагы, бети.
  2. Бут кийимдин жер баса турган жагы, бөлүгү.
  3. Арыктын, каналдын, кокту-колоттун, жылганын ж.б. түбү, түп жаккы тилкеси.
  4. Бир нерсенин жерге коюуга, жерде же башка бир нерсенин үстү менен жүрүүгө ылайыкталган тегиз бети.
  5. Кээ бир буюмдун жазы, жалпак келген бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Таманына шиш кагып, / Тамтаңдатып жүргөндө, / Айрып алып Таласка, / Алып барып тактырсам, / Тузга сийип, чунак ит, / Арамдык ойлоп сен турсаң, / Азыр да кесем башыңды, / Жамандыкка көөн бурсам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ып, / Төбөдө чокмор чакылдап, / Көөдөндө найза такылдап, / Тегеректеп келгенде, / Тентек тууган Кененим, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагы катуу чүмкөнүп, / Каз таман найза карманып, / Манастап баатыр үн салып, / Качырып кирди бет алып, / Жаалысын көргөн кишинин, / Жаны турбай ордунда, / Аралап өтө бергенде, / Жаныбарым кеңк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Астынкы ээрди шакылдап, / Кулактары шалкылдап, / Эркегинде айалча, / Көнөктөй эмчек балкылдап, / Мас болгон буура сыйагы, / Тамандары тапылдап, / Кудай бетин салбасын, / Айтып бүткүс айбатын, / Чакчалекей будуң-чаң, / Аркада чаңы жөө туман, / Оогандын эли каптады, / Ошону көрүп Алмамбет, / Мы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Таманга тери калтырбай, / Калдырак кара таш тилип, / Күнү-түндө бир чөйчөк, / Сууну койот ичирип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кас санаган кишиңиз, / Таманыңда кор болсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →