тамам
- Аягы, бүткөнү.
- Бардыгы, бүткүл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жалаңгыч сарык Кененим, / Токсон күн тамам болгунча, / Үч ай жүзү толгунча, / Асылча менен Бекбача, / Бактыбай бар жанында, / Отуз эки ат машын, / Саны толук кырк экен, / Эр жигиттин жөө машы, / Бир кишиге аз деди, / Жетимиш эки өнөрдү, / Ошонун баарын үйрөтүп, / Оорагын мунун көтөрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кененим, Жоодар кеңешип, / Кеби тамам болгончо, / Чыгыш жактан чаң чыкты, / Токтоо кылбай шар чыкты, / Кара байрак туу чыкты, / Калдайган кошуун кол чыкты, / Кабаттап темир кийинген, / Капкалуу тоодой зор чыкты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…, / Бирдемде чыгып барыптыр, / Ирегенин көгүнө, / Апкарышып туруптур, / Бул ойлор болуп көбүндө: / “Байжигит менен Бердике, / Ошур менен Саламат, / Орчун жыйын тамамат, / Шыкай берип кымызын, / Жегин, ичкин, тойгун, деп, / Жергесинин баарысын, / Жедирмек экен анысы, / Энебей калып мунусун, / Эт жегени курусун, / Билбей калып …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айтып сөзүн тамамдап, / Бура тартып басты эле, / Гүлүстөн тууган Гүлчоро, / Тили таттуу ширин аш, / Айта турган сөзү так: / — Койчу, аба, кебиңди, / Катын менен урушуп, / Талаадан кантип кайтасың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…туулар айтканда, / Нечен баатыр, нечен эр, / Жалгыз менмин дегендер, / Пейли суудан кенендер, / Канча бааша, канча хан, / Жер бетинде жаралган, / Дүйнөдөн өттү тамам жан, / Кара болсун, хан болсун, / Жарды болсун, бай болсун, / Ачка болсун, ток болсун, / Дүмпөр болсун, шок болсун, / Колу жок болсун чолоңдоп, / Бокор болсун …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →