тамак1

китептерде 325 жолу, 10 китепте тамак 2 →
  1. Адамдын, өсүү, өнүгүү, жашоо шартына зарыл түрдө керектелүүчү, азык болуучу заттар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кой эти бышым ал жерде, / Чигитей менен Медеркан, / Коркутушуп турду эле, / Ал Торгойдун көзүнө, / Так тогуз жыл болду эле, / Тогуз жыл өтүп, күн кетип, / Жыл өткөндө Торгойдун, / Эсине түштү ак этип, / Жабыша түшүп ачылып, / Тамак айы так этип, / Ак киргендей көрүнөт, / Саамайына жаш жетип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…н бел, / Балтыр этти талыттык, / Орой- торой чалыштык, / Ороолонуп көрүштүк, / Өчүгүшүп күрөштүк, / Баштан берки адатым, / Балачактан санатым, / Жети күндө бир тамак, / Иче турган кезегим, / Бирден- бирден санадым, / Бүгүн болуп калыптыр, / Тамак ичер убагым, / Тамактанып келейин, / Сенден нөөмөт сурадым, / Мени менен бирге… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…елеске, / Аса байлап Тоосурду, / Колуна салып кишенди, / Бутуна салып чидерди, / Шыпырып алып токумун, / Тердигин салып жамбашка, / Каңгыны койуп какбашка: / — Тамагымды тайарла, / Өзүм турам, ойготпо, / Тоосур атты откозбо, / Өзүм койом копкондо! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Сол куу пейил неме сендерге да жөнди тамак бирмес ав деймин... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Баланы тамакка тойгузуп, кызча кийинтип, бир кылыч таап берип, ажыдаарга алып барганда ал сорот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →