талп

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Салмактуу, жазы нерсенин жерге түшкөндө, жыгылганда чыккан дабышы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

– / Сүйүнгөндөн тер кетип, / Күлүп ийди жарк этип, / Бата кылып жиберип, / Олтура калып талп этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ип башы асманга, / Каарлуу Алмаң жарк этип, / Күн тийгендей балк этип, / Кылгыртып жашын кирпиктен, / Күлө сүйлөп шанк этип, / Сараланын үстүнөн, / Ыргып түштү талп этип: / — Куйу менен Чубактын, / Куйундаган чунактын, / Жемеңизге калдың, — деп, / Жеңил баа болуп алдым, — деп, / Кечиресиң айкөлүм, / Жоголдук кылып салдым, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайра тартып тап берип, / Башын кесип алам, деп, / Теминип кирип барганда, / Баатырдын аты Телкүрөң, / Туурасына жалт берди, / Телкүрөңдөн Сейитим, / Тебетейдей талп, деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көзү ачылып жарк этип, / Айчүрөктү көргөндө, / Боздоп ийди каңк этип, / Кобойун десе өркөчү, / Эки кат тери шалп этип, / Эки буттун коборуп, / Эки колу кобо албай, / Жыгылып калды талп этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Каруу кылар булчуң эт, / Канча талаа бөлүндү, / Жан тамырдан, билектен, / Өпкөнүн каны төгүлдү, / Чокмору түштү шылк этип, / Имере кармап найзаны, / Бакалоорго муштады, / Наркы кулак алдынан, / Найзанын учу жылт этип, / Жыгылып калды атынан, / Тоңкойуп Чокчо талп этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →