талак
- Аялы менен күйөөсүнүн ажырашуусу, никени бузуунун шариятка ылайык кеңири тараган түрү.
- өт. Кандайдыр бир нерседен өз каалоосу менен кечүү, баш тартуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыйалыма бүккөнмүн, / Кызы талак Отордун, / Жекеге чыкса эрдемсип, / Кесип башын аларда, / Чыгыш менен батыштан / Түштүктөгү Индыстан, / Чогулушту он үч хан, / Жамандык келбейт биздерге, / Иран менен Арактан, / Мисир менен Басыра, / Бизге жакын чынында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…тарканда, / Күн чагылып жалтылдап, / Карала атты камчылап, / Көзүнөн жалын шыркырап, / Учкундары бөлүнүп, / Төбөсүндө чыркырап, / Кыйкырыгы таш жарып: / — Кызы талак Семетей, / Тең жарбасаң тениңди, / Темселетип элиңди, / Куру талаа кылбасам, / Кеңкол, Талас жериңди, / Айдап жүрүп кырбасам, / Ак калпак кыргыз элиңди, / Өлөр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ны төгүлүп, / Чыйпы, Мыйтык, Чөндөкө, / Кылжыр менен Күрөөкө, / Кыйын жумуш аткарып, / Турган экен бул төртөө, / Оогандыктан отуз миң, / Азык-түлүк, ок-дары, / Талаганы төөлөрүн, / Барган эле көз көрүнөө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жамгырчы тирүү турганда, / Бара албайт басып Таласка / Айабайт аны Жамгырчы, / Өз жерин саткан талакка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Талаганда менин эмнемди алат, өлтүргөндө менин кайсы жазыгым үчүн өлтүрөт дегениби, айтор көп сезген жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →