талаа
- Жайык, түз жер.
- Баш кийимдин (мис. калпактын) тилкелери.
- инф. Бир же андан көп сандагы байттар катары.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп ойлонуп кабылан, / — Келген экөөң кет, — деди, / Дабытайга жет, — деди, / Бара жатып аларга, / Учурап калдык талаада, / Кененим деген балаага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Ат чалдырып Ажатта, / Алмамбет калды ал жакта, / Жылкыны айдап эр Сыргак, / Бурулбай кетип баратса, / Алдынан чыкты бир дөбө, / Айнектей мейкин талаада, / Алмамбет айткан дөбө, деп, / Артымды карап көрөм деп, / Дайынсыз кепти айтчу эмес, / Даанышман Алма төрөм, деп, / Телкызыл минип теминип, / Каргадай жалгыз …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бул каапырды талаага, / Айдап муну ийгиле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Каран талаада калат деген ушубу?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Түлкү талаада жойлоп жүрсө, ит ээрчиткен аңчылар көрүп калат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →