так6

  1. Жылкыны токтоткондо, жоошутууда колдонулуучу сөз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…нан, / Жалындаган от күйүп, / Табарсыктын башы деп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайганы, / Найза каңгып так этип, / Ташка сайган немедей, / Кайта жанды чак этип, / Ээрден көчүк кыйшайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сур тайды ага бергениң – / Падышалык тагыңды, / Башында белги бергениң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жайытта уйдун богунан, / Томолоктоп кургатып, / Кылга тизип тагынат, / Ошентип жүрүп ар кайда, / Көрүнүп элге далайга, / Түбү жок зандим бир жерге, / Түшүп өлдү жеркуйга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ушуну айтып салганымча болбой Ак-Суунун бери четине чыга жаздап калган кезде, шаардан чыгып төмөн карай кетип бараткан бир эшекчен бала так алдыбыздан кезигип, бизди көрүп токтой калганы! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Адил хан "ушундай элине кайрымдуу, бечарага дитин берген, эл үчүн туулган адамды өлтүрүүгө болбойт, биздин ичибизден чыккан бузукулар уруштурган турбайбы", дейт да Жоомартка таажысын кийгизип, тагына мингизип хан көтөрөт, өзү ага вазир болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →