такы

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Бир нерсени кайра-кайра сурай берүү, кайра-кайра айтуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Каңалтырлап көрүнөт, / Мойнундагы какачы, / Кулагы жалпак мулуйуп, / Бети калың дулуйуп, / Шалкыматтын жанынан, / Бастырып чыкты суурулуп, / Чокморун кысып такыйга, / Кылычы бар кынында, / Балтасы бар жанында, / Найзасы бар колунда, / Калканы бар жонунда, / Чарайна тартып бооруна, / Туулгасын көмөрүп, / Бетектин колун ала… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сүрөтүн тамга толтурган, / Малдаш уруп олтурган, / Алтымыш кечил кашында, / Кол куушуруп тик турган, / Жыңзы ташын тагынган, / Тоту куштун куйругун, / Он эки түрдөп сайынган, / Кыл такыйа, кызыл чок, / Кылымда мындай пенде жок, / Ал эле кимдин молдосу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…немеси, / Эми кандай болор, деп, / Жаны калбай сүлдүрөп, / Жан үзчүдөй үлдүрөп, / Нечени мындай жүргөндө, / Эр Алмамбет баатыры, / Алдында минген Сарала, / Кыл такыйа кызыл чок, / Таажысын кийип башына, / Таң калып көргөн адамзат, / Сайынган жынзы ташына, / Кеп кийимин кийиптир, / Карадан жаап үртүктү, / Айсарала миниптир, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →