така4

китептерде 84 жолу, 10 китепте така 1 →така 2 →
  1. Жабыштыра, таяй коюу, кептелтүү, тирөө.
  2. Бир нерсеге байланыштыруу, далилдүү кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кудукту таап билгендер, / Из кубалап жүргөндөр, / Кардыгачты табышты, / Кардыгачка Бекбача, / Таштын бетин ойдурду, / Найзасын такап колтукка, / Тулпарына мингизип, / Тирүүсүндөй тоңдурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тулпардын изи экен, деп, / Тиктеп көрсө бекемдеп, / Алтымыш уруу алаштын, / Такасындай из эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көөдөнгө найза така-так, / Туулгага балта чака-чак, / Айкырган үнү жаңырат, / Баатырлардын бака-бак, / Обону карай созулат, / Жерден чыккан топурак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аттан түшүп ажырап, / Сейитек бура тарткынча, / Жана минди шапа-шап, / Эрегишип көгөрүп, / Найзалары така-так, / Балталары чака-чак, / Баатырлар үнү бака-бак, / Кулак тунуп шака-шак, / Ат дабырты дүпүлдөп, / Жер козголуп дүкүлдөп, / Жер айрылып топо учуп, / Асманга чаң… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошондой кыл,— деп сөөмөйүн Беккулдун көзүнө такады. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →